# Жумгал айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-июнундагы № 3 "Жумгал айыл ѳкмѳт башчысын шайлоодо АШК нын протоколун кароо жѳнүндѳ" токтому

- Полное наименование: Жумгал айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-июнундагы № 3 "Жумгал айыл ѳкмѳт башчысын шайлоодо АШК нын протоколун кароо жѳнүндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 11.06.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.06.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/451877>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-65863/edition/1130952/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.06.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жумгал айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-июнундагы № 3 "Жумгал айыл ѳкмѳт башчысын шайлоодо АШК нын протоколун кароо жѳнүндѳ" токтому (ред. от 11.06.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/451877

---

ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жумгал айылдык кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы 2021-жылдын 11-июну № 3 Жумгал айыл ѳкмѳт башчысын шайлоодо АШК нын протоколун кароо жѳнүндѳ “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу “ жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл ѳкмѳт башчысын шайлоонун тартиби жѳнүндѳ ” Жобосунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиянын 2018-жылдын 23-ноябрындагы №211 токтомуна ылайык, Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 11-июнь күнү белгиленген. Жумгал айылдык Кенешинин 2021-жылдын 11-июнундагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча, шайлоого айылдык кенештин 11 депутатынын жыйынтыгы менен талапкерлердин алган добуштарытѳмѳндцгүдѳй болду Болоталиев Узак Сталбекович - 6 добуш Санташов Тариэл Салдатбекович – 5 добуш Шайлоонун жыйынтыг менен Болоталиев Узак Сталбекович – 6 добушка ээ болду Баардык талапкерлерге каршы – жок Жараксыз юбюллетень – жок Жогорудагы шайлоонун жыйынтыгынын жүрүшүн карап, Жумгал айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1.Болоталиев Узак Сталбекович Жумгал АШК нын жыйынтык протоколуна ылайык 6 добуш алгандыгы белгиленсин.

2.Шайлоо мыйзам чегинде ачык айкын ѳттү деп табылсын.

3. Бул токтомду райондук аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Мамбеткулова Кенжекан Буларовнага милдеттендирилсин.

Төрага:

Э.Бектурсунов
