# Тоӊ айылдык кеӊешинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 29 "ГЭС курууга жер тилкесин пайдаланууга бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Тоӊ айылдык кеӊешинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 29 "ГЭС курууга жер тилкесин пайдаланууга бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 29
- Дата принятия: 28.10.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.10.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/451820>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-65808/edition/1129662/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.10.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Тоӊ айылдык кеӊешинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 29 "ГЭС курууга жер тилкесин пайдаланууга бөлүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 28.10.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/451820

---

ТОӉ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын VI сессиясы

2021-жылдын 28-октябры № 29 ГЭС курууга жер тилкесин пайдаланууга бөлүп берүү жөнүндө Тоң айылынын жараны Б.Тентимишовдун Жалгыз–Карагай участкасындагы кашарынын жанынан Тосор суусунун жээгинен ГЭС курууга жер тилкесин пайдаланууга ижарага берүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тоң райондук жер маселелери боюнча комиссиясына:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык Тоң айыл аймагындагы Жалгыз-Карагай участкасынан Тосор суусунун жээгинен узуну 3 000 (үч миң) метр, туурасы 6 (алты) метр болгон жалпы аянты 1,8га өлчөмдөгү жер тилкесин кичи ГЭС курууга категориясын которуп берүү (трансформациялоо);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык Тоң айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жагы сунушталсын.

2. Бул токтомду аткарууга алуу максатында тиешелүү аракеттерди көрүү Тоң айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Тоӊ айылдык Кеӊешине жүктөлсүн.

Орун басар

М.Асанова

Жооптуу катчы

Э.Чурекова
