Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Казыбек айылдык кеңешинин “Муз-Төр” чек ара бөлүмүнө өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо үчүн көмөк чордонун орнотууга жер бөлүп берүүгө чыккан токтомду жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8 - шайланышынын 19 - кезексиз сессиясы 2021-жылдын 29-ноябры № 7 “Муз-Төр” чек ара бөлүмүнө өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо үчүн көмөк чордонун орнотууга жер бөлүп берүүгө чыккан токтомду жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер министринин 2019-жылдын 25-майындагы иш сапарында «Муз-Төр» чек ара бөлүмүн өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо тапшырмасы коюлгандыктан, чек ара кызматкерлеринин жашоо шартын жакшыртуу максатында жана чек араны сапаттуу кайтаруу, мамлекеттик коопсуздук жана өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтомунун негизинде трансформатордук подстанция орнотууга 0,30 га( отуз сотых) жерге убактылуу пайдаланууга берүү боюнча чыккан 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 1 Токтомун жокко чыгаруу максатында, айылдык Кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер министринин 2019-жылдын 25-майындагы иш сапарында «Муз-Төр» чек ара бөлүмүн өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо тапшырмасы коюлгандыктан, чек ара кызматкерлеринин жашоо шартын жакшыртуу максатында жана чек араны сапаттуу кайтаруу, мамлекеттик коопсуздук жана өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтомунун негизинде трансформатордук подстанция орнотууга 0,30га (отуз сотых) жерге убактылуу пайдаланууга берүү боюнча чыккан 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 1 Токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомлун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага:
Д.Кайыпов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.