Нарын шаардык кеңешинин «Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө» токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги ХXXIV ceссиясы 2020-жылдын 6-ноябры №9 Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 38-беренесинин 3-бөлүмүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 31-главасынын 1-2-бөлүмдөрүнө жана 29-главасынын 1-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 31-октябрындагы №281 токтомунун 1-тиркемесине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, «Ала-Тоо-Ынтымагы» фракциясынан депутат Калманбетова Анаркүл Кыдыковна, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары кызматынан депутаттардын макулдугу менен бошотулсун.
2. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарлыгына Нарын шаардык Кеңешинин «Ала-Тоо-Ынтымагы» фракциясы тарабынан сунушталган депутат Чоробек кызы Айзат, ачык добуш берүү жолу менен сессияга катышкан депутаттардын 19 добушун алгандыгына байланыштуу, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын.
3. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага:
Ж.Ботоканов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу