Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чолпон айылдык кеңешинин «Жайыт пайдалануучулар биркмесиинин отчету, “Жайыттарды башкаруу жана пландоо” боюнча 2020-жылга иштелип чыккан иш планын жана бюждетин бекитүү жөнүндө» токтому
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 31/9 Жайыт пайдалануучулар биркмесиинин отчету, “Жайыттарды башкаруу жана пландоо” боюнча 2020-жылга иштелип чыккан иш планын жана бюждетин бекитүү жөнүндө Чолпон айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Өмурбеков Урматтын билдируусун угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жыл ичинде аткарган алгылыктуу иштерин эске алуу менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга карата бюджетинин көлөмү 1205 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга карата иштелип чыккан иш планы жана ички тартип эрежеси бекитилсин (тиркеме – 1 барак).
Төрага
Т. Токтомушов
Тиркеме Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясынын № 31/9 Токтомуна
2020-жылга карата Жайыт комитети тарабынан иштелип чыккан иш- планы жана ички тартип эрежелери:
1. 2018-2022-жылдарга кабыл алынган орто мөөнөтүү “Жайыттарды башкаруу жана пландоо” иштерин аткаруу максатында, жакынкы такырланган жайыт болуп эсептелген ”Кызырт” өрөөнүн калыбына келтирүү максатында эс алууга калтырылсын.
2. 2020-жылдын 1-январына карата мал санактын жыйынтыгы боюнча 12 926 шартуу баш бекитилсин (малдардын бардык түрүн уйга айландырганда).
3. Мал башына алынуучу жайыт акы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Уй- 75сом Жылкы- 75сом Торпок 1жашка чейин 53 сом Топоз- 150сом Кой,эчки- 15сом Эшек- 75сом
4. ИСУР КФ менен 4 жылдан бери иштелип келе жаткан долбоор улантылып иш алып барылсын.
5. Айыл өкмөтүнүн каттоосунда бар жарандар жана жок турист тосуп алектенген жарандар туристик фирмалар менен эки тараптуу келишим түзүлсүн.
6. Жайыт пайдалануучулар биркмеси тарабынан кабыл алынган ички тартип эрежелерин бузган учурлар болгондо, Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 4-августундагы №85 мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 13-апрелиндеги “Бузуулар” жөнүндө кодексинин №58 жалпы жоболордун негизинде чара көрүлсүн.
ЖПБ төрагасы
У. Өмүрбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.