Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Талас шаардык кеңешинин «Талас шаарынын муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө» токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 13-июлу №19/4-8 Талас шаарынын муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 30.03. 2021-жылдагы № 01-21/404 чыгыш сандуу катынын жана Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын №4 протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова ) тапшырылсын.
Тѳрага
А. Жусупбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июлундагы № 190/26-8 "Талас шаарынын мэриясынын “Муниципалдык менчик обьекттерин алмашуу жөнүндө” жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.07.2023 · № 190/26-8
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу