# Оро айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-мартындагы № 08 «Пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү үчүн электр таянычтарын курууга жер аянтын бекитип бөлүп берүү жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Оро айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-мартындагы № 08 «Пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү үчүн электр таянычтарын курууга жер аянтын бекитип бөлүп берүү жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 08
- Дата принятия: 18.03.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.03.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/450668>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-65212/edition/1095015/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.03.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Оро айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-мартындагы № 08 «Пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү үчүн электр таянычтарын курууга жер аянтын бекитип бөлүп берүү жөнүндө» токтому (ред. от 18.03.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/450668

---

ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2019-жылдын 18-марты № 08 «Пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү үчүн электр таянычтарын курууга жер аянтын бекитип бөлүп берүү жөнүндө» Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 5-мартындагы № 04-17/356 сандуу катына тиркелип жолдонгон Глобал Джамгыр Майнинг ЖЧКсынын башкы директору Н.Ермошкиндин кайрылуусун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндөгү” жобонун 4-пунктун жана 2-пунктчасын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 4-пунктун жана 13-беренесин жетекчиликке алып, Оро айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Пайдалуу кендерди иштетүү үчүн электр энергиясы менен камсыздоо максатында электр чубалгылардын таянычтарын (опора) орнотуу үчүн Оро айыл аймагынын чегинен 0,16га жер аянтын мыйзам чегинде бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Казымовго жүктөлсүн.

Тѳрайымы

З.Тойчубекова
