Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сайдыкум айылдык кеңешинин «Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Доолаталиевдин билдирүүсү жөнүндө» токтому
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2019-жылдын 26-июлу № 3
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Доолаталиевдин билдирүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин 2019-жылды “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялаган Жарлыкты турмушка ашыруу максатында Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолаталиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын Жаңы-Абад айылында жайланышкан эски гараждын ордунан 1.0 (бир)га жер аянты Сайдыкум айыл аймагынын дыйкандарынын мөмө-жемишин сактоочу заманбап муздаткыч кампа ачууга бөлүнүп берилсин.
2. Б.Хальмурзаевке мөмө жемиш сактоочу заманбап муздаткыч кампа ачууга берилген жер участогу максаттык багытына жараша долбоордук-сметалык документтерде каралган иш-чаралар, айыл өкмөтү тарабынан бекитилсин
3. Сайдыкум айыл аймагыны Хажир-Абад айылынын тургуну,убактылуу пайдалануучу Б.Хальмурзаевке, эгер үч жылдын ичинде долбоордук-сметалык документтерде каралган иш-чаралар аткарылбаса, берилген жер участогу максаттык багытына жараша пайдаланбаса, Б.Хальмурзаевке пайдаланууга берилген токтом жокко чыгарылат.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдраимовко жүктөлсүн.
Төрага
Б. Турсункулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.