# Ак-Коргон айылдык кеңешинин 2020-жылдын 8-февралындагы № 9 "Ак-Коргон айыл аймагында коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) типтүү уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Коргон айылдык кеңешинин 2020-жылдын 8-февралындагы № 9 "Ак-Коргон айыл аймагында коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) типтүү уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9
- Дата принятия: 08.02.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.02.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/440526>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64716/edition/1005253/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.02.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Коргон айылдык кеңешинин 2020-жылдын 8-февралындагы № 9 "Ак-Коргон айыл аймагында коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) типтүү уставын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 08.02.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/440526

---

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 19-сессиясы

2020-жылдын 8-февралы № 9

Ак-Коргон айыл аймагында коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) типтүү уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27-октябрь 2015-жылы № 747 токтому менен бекитилген Коомдук алдын алуу борбору (КААБ) типтүү уставынын негизинде жана айыл аймакта укук бузуулардын алдын алуу максатында Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 08-февраль 2020-жылдагы кезексиз 19-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Коргон айыл аймагында Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставы бекитилсин.

2. ААБ Кеңешинин курамы 2 жылга бекитилсин.

3. Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоо үчүн бул токтом жооптуу катчы А.Адашовго жөнөтүлсүн.

4. Токтом akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Төрага

М. Инамов
