# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 9 "Айылдык аймакта жайгашкан мүлк жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгын эсептөө зоналдык КЗ коэфиценттерин тармактар боюнча 0,3төн 1,2 чейинки өлчөмдө бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 9 "Айылдык аймакта жайгашкан мүлк жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгын эсептөө зоналдык КЗ коэфиценттерин тармактар боюнча 0,3төн 1,2 чейинки өлчөмдө бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9
- Дата принятия: 25.12.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.12.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/440421>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64612/edition/997630/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.12.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 9 "Айылдык аймакта жайгашкан мүлк жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгын эсептөө зоналдык КЗ коэфиценттерин тармактар боюнча 0,3төн 1,2 чейинки өлчөмдө бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 25.12.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/440421

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы

2019-жылдын 25-декабры № 9

Айылдык аймакта жайгашкан мүлк жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгын эсептөө зоналдык КЗ коэфиценттерин тармактар боюнча 0,3төн 1,2 чейинки өлчөмдө бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү №255 Мыйзамына ылайык, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү №255 Мыйзамы жетекчиликке алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү №255 Мыйзамына ылайык, айылдык аймакта жайгашкан мүлк жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгын эсептөө зоналдык КЗ коэфицентин № 1 тиркемеге ылайык белгилөө жүргүзүлсүн.

3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Эгемовго жана Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

Төрага

Н. Жакыев
