Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көк-Таш айылдык кеңешинин «Айылдык аймакта жайгашкан мүлк жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгын эсептөө зоналдык КЗ коэфиценттерин тармактар боюнча 0,3төн 1,2 чейинки өлчөмдө бекитүү жөнүндө» токтому
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 9
Айылдык аймакта жайгашкан мүлк жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгын эсептөө зоналдык КЗ коэфиценттерин тармактар боюнча 0,3төн 1,2 чейинки өлчөмдө бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү №255 Мыйзамына ылайык, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү №255 Мыйзамы жетекчиликке алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү №255 Мыйзамына ылайык, айылдык аймакта жайгашкан мүлк жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгын эсептөө зоналдык КЗ коэфицентин № 1 тиркемеге ылайык белгилөө жүргүзүлсүн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Эгемовго жана Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага
Н. Жакыев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Налоговый кодекс КРКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Утратил силу
- Закон КРЗакон · 27.07.2009 · № 255 · Утратил силу