# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 6 "Булак-Башы айылында курулуп жаткан мектептин спорт залынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизинде, кошумча жумуштарга каражат кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 6 "Булак-Башы айылында курулуп жаткан мектептин спорт залынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизинде, кошумча жумуштарга каражат кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6
- Дата принятия: 25.12.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.12.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/440418>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64609/edition/997610/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.12.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 6 "Булак-Башы айылында курулуп жаткан мектептин спорт залынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизинде, кошумча жумуштарга каражат кароо жөнүндө" токтому (ред. от 25.12.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/440418

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы

2019-жылдын 25-декабры № 6

Булак-Башы айылында курулуп жаткан мектептин спорт залынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизинде, кошумча жумуштарга каражат кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл –Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” Жарлыгына ылайык, “Көк-Таш айылындагы спорт залдын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизиндеги кошумча жумуштарга жергиликтүү бюджеттен каражат кароо жөнүндө” күн тартибиндеги маселени талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Булак-Башы айылында курулуп жаткан мектептин спорт залынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизиндеги кошумча жумуштарга жергиликтүү бюджеттен каражат кароого макулдук берилсин.

2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

Төрага

Н. Жакыев
