# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 2 "Ижарага жер берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 2 "Ижарага жер берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 25.12.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.12.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/440414>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64606/edition/997604/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.12.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 2 "Ижарага жер берүү жөнүндө" токтому (ред. от 25.12.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/440414

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы

2019-жылдын 25-декабры № 2

Ижарага жер берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, айыл өкмөттүн улуттук кайра бөлүштүрүү фондунан жер аянтын ижарага берүү тууралуу маселени талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн улуттук кайра бөлүштүрүү фондунан 4 (төрт) га жер аянты 30 (отуз) жылдык мөөнөткө бак-дарак көчөтүн отургузуп, убактылуу пайдалануу келишими менен Көк-Таш айылынын тургуну Жакыев Нышанбай Абдылдаевичке ижарага берилсин.

2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеӊешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

Төрага

Н. Жакыев
