Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көк-Таш айылдык кеңешинин «Ижарага жер берүү жөнүндө» токтому
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 2
Ижарага жер берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, айыл өкмөттүн улуттук кайра бөлүштүрүү фондунан жер аянтын ижарага берүү тууралуу маселени талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн улуттук кайра бөлүштүрүү фондунан 4 (төрт) га жер аянты 30 (отуз) жылдык мөөнөткө бак-дарак көчөтүн отургузуп, убактылуу пайдалануу келишими менен Көк-Таш айылынын тургуну Жакыев Нышанбай Абдылдаевичке ижарага берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеӊешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага
Н. Жакыев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.