Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Достук айылдык кеңешинин «Достук айыл аймагынын 2019-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга бюджетти жана 2021, 2022- жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 13-январы № 1 Достук айыл аймагынын 2019-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга бюджетти жана 2021, 2022- жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
КРнын ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамына ылайык Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы күн тартибинде угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н. Абдышовдун айыл өкмөтүнүн 2019- жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.
2. Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2020-жылга планы жана 2021,2022-жылдарга долбоору № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын 2020-жылга планы жана 2021- 2022-жылдарга долбоору № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2020-жылдын 1-январына карата калган калдыгы № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. КРнын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү КРнын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 мыйзамынын 23-беренесине ылайык 2020-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 1% эсебинен 168500 (жүз алтымыш сегиз миң беш жүз) сомдук Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын резервдик фондусу түзүлсүн .
6. Достук айыл өкмөтүнүн киреше булагынын жайыт пайдалануучуларынын ижара акысы 75 минден 420 миң сомго өзгөртүүлөрдү киргизүү Финансы Министрлигинен суралсын.
7. Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына эмгек акы, соц.фонд, электр энергиясына тамак- аш чыгымдарына каржылансын.
8. Жалпы ата-энелер төлөмү 450(төрт жүз элүү) сомдон өзгөртүүсүз калтырылсын жана калдыгы менен чыгашасы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. ЖӨБнун КРнын мыйзамынын 37-берене 6-пункутуна жана кеңештин 2013-жылы VIII сессиясынын №1 токтомуна ылайык кеңештин төрагасына компенсация ар бир сессияга беш күндүк эмгек акы төлөп берилсин.
10. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министирлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы ФЭБ башынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Абдышовго жүктөлсүн.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
Төрага
Э. Мансиркулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Закон «Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике»Закон · 11.06.1998 · № 78 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу