# Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 1 "Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 1 "Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 18.11.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.11.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/440335>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64528/edition/996275/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.11.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 1 "Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүү жөнүндө" токтому (ред. от 18.11.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/440335

---

КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы

2019-жылдын 18-ноябры № 1 Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүү жөнүндө

2013-жылдын 9-июлундагы № 127 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы № 145 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө»токтомуна жана 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишими бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүдө аткаруу милдети айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Тагаева Жыпар Маматкаримовна бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссияна жана Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн башчысы О.М Жолдошовко милдеттендирилсин.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

Төрага

А.А. Жамгырчиев
