# Жаӊы-Жер айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 9 "Жаӊы-Жер айыл ѳкмѳтүнүн 2016-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жѳнүндѳ" токтому

- Полное наименование: Жаӊы-Жер айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 9 "Жаӊы-Жер айыл ѳкмѳтүнүн 2016-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жѳнүндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9
- Дата принятия: 09.02.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.02.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/440301>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64497/edition/995882/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.02.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаӊы-Жер айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 9 "Жаӊы-Жер айыл ѳкмѳтүнүн 2016-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жѳнүндѳ" токтому (ред. от 09.02.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/440301

---

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жаӊы-Жер айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2017-жылдын 9-февралы № 9 Жаӊы-Жер айыл ѳкмѳтүнүн 2016-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жѳнүндѳ

Жаӊы-Жер айыл Ѳкмѳтүнүн 2016-жылга коюлган бюджетинин аткарылышы Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан берилген контролдук цифра боюнча Жаӊы-Жер айыл Ѳкмѳтүнүн Финансы Экономика бѳлүмүнүн башчысы Б. Жалиловдун, айылдык Кеӊешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана Жаӊы-Жер айыл Ѳкмѳтүнүн 2017-жылга бюджети Кыргыз Республикасынын “Республиканын 2017-жылга жана 2017-2019-жылдарга долбоору жѳнүндѳгү”, “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктардын негизги принциптери жѳнүндѳгү”, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун каржы-экономика негиздери жѳнүндѳгү” мыйзамдарына ылайык түзүлгѳндүгүн белгилеп жогорудагылардын негизинде Жаӊы-Жер айылдык Кеӊешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаӊы-Жер айыл Ѳкмѳтүнүн 2016-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичинде ѳзгѳрүүлѳр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичиндеги бюджет 17 749 миӊ сом эсебинде киреше жана чыгашалары № 1, 2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Жаӊы-Жер айыл Ѳкмѳтүнүн 2017-жылга бюджетинин киреше жана чыгашалары 19 153,2 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ № 3-4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Айыл Ѳкмѳтүнүн карамагындагы балдар бакчаларынын ата-энелер взносунан түшкѳн каражаттар айыл Ѳкмѳтүнүн атайын каражаттары эсептелинсин. Киреше жана чыгашалары 1974.0 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ № 5-6 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү салыктардын нормативдери 2017-жылга № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. 2017-жылга Жаӊы-Жер айыл Ѳкмѳтүнүн бюджетинин чыгаша бѳлүгү № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.

6. Райондук казына бѳлүмү аркылуу ЖАӊы-Жер айыл Ѳкмѳтүнүн Кеӊештердин аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар, Жаӊы-Жер айыл Ѳкмѳтүнүн эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин.

7. Жаӊы-Жер айыл Ѳкмѳтүнүн администрациясына жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин кѳбѳйтүү боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы тапшырылсын.

8. 2017-жылга Жаӊы-Жер айыл Ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бѳлүмүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлѳ тургандыгы белгиленсин, анын ичинде биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларды тѳлѳѳ, социалдык чегерүү, дары-дармек жана тамак-аш сатып алуу) жүргүзүлүүсү бекитилсин.

9. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы эѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Жаӊы-Жер айыл Ѳкмѳтүнүн аймагындагы айылдык клубдар, китепканалар, социалдык коргоо жактан жеӊилдиктер, коммуналдык турак-жай чарбалары, коргоонун керектелүүчү каражаттар Жаӊы-Жер айыл Ѳкмѳтүнүн бюджетинен каржылансын.

10. Жаӊы-Жер айыл Ѳкмѳтүнүн бюджети айылдык Кеӊештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.

11. Жаӊы-Жер айыл Ѳкмѳтүнүн 2016-жылга каралган бюджети 2017-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.

12. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу депутаттардын Жаӊы-Жер айылдык Кеӊешинин Бюджет-Экономика финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К. Баянов
