# Тепе-Коргон айылдык кеңешинин 2017-жылдын 27-апрелиндагы № 12 "Тепе-Коргон айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Тепе-Коргон айылдык кеңешинин 2017-жылдын 27-апрелиндагы № 12 "Тепе-Коргон айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12
- Дата принятия: 27.04.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.04.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/440255>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/440255/edition/1155146/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.04.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Тепе-Коргон айылдык кеңешинин 2017-жылдын 27-апрелиндагы № 12 "Тепе-Коргон айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө" токтому (ред. от 27.04.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/440255

---

ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Тепе-Коргон айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы

2017-жылдын 27-апрели № 12

Тепе-Коргон айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында күчүнө киргендигинин, "Ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет деп көрсөтүлгөндүтүнүн негизинде жогорудагы маселени угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык кеңеши төмөнкүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык кеңештин аймагында жашаган адамдардын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.

2. Айылдык кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилге которбой Ош облусунун юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

З. Исаков
