Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл – Суу айылдык кеңешинин «Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фонтунун жерлерине Аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын Курамын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Кызыл – Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXI сессиясы
2019-жылдын 4-октябры № 3
Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фонтунун жерлерине Аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын Курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жана тарти битууралуу” Типтүү Жобонун 22-пункутунун негизинде Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл өкмөтү тарабынан сунушталган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жерин ижарага берүү убактысы 2019-жылдын 4-октябрь деп белгиленсин.
3. Комиссиянын бекитилген курамына ылайык айыл чарба жерлеринин мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралу Жобого ылайык иш алып баруу жана жогорудагы маселе боюнча иш регламентин иштеп, чыгуу жагы комиссиянын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткаруу жагы жер комиссиясынын төрагасы Жабиев Адилге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышынү көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага
К. Дадабаев
Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын « 04» октябрындагы № 4 токтомуна тиркеме
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион өткорүү боюнча комиссиянын курамы
Нышанбаев Муратбек - Айыл өкмөт башчысы Дадабаев Кылыч - айылдык кеңешинин төрагасы Жабиев Адил - айылдык кеңешинин депутаты Рустамбек кызы Гулнура - айыл өкмөтүнүн жоопту катчынын милдеттин аткаруучу Акматов Керим - айылдык кеңешинин депутаты Кожошев Мамазакир - айыл өкмөтүнүн адиси Адишов Эмил - айыл өкмөтүнүн жер адиси Карабаев Курстан - айыл өкмөтүнүн салык кызматчысы Сүйөров Тоймамат - ВУС кызматчысы Исмаилов Теше - Коргон айылынын айыл башчысы Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси.
Айыл өкмөтүнүн жоопту катчысынын милдеттин аткаруучу: Рустамбек к Г.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.