# Кара-Таш айыл кеңешинин 2019-жылдын 9-мартындагы № 3 "Кара-Таш айыл аймагында Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Таш айыл кеңешинин 2019-жылдын 9-мартындагы № 3 "Кара-Таш айыл аймагында Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 09.03.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.03.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/440187>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64386/edition/992081/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.03.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Таш айыл кеңешинин 2019-жылдын 9-мартындагы № 3 "Кара-Таш айыл аймагында Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 09.03.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/440187

---

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Кара-Таш айыл кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI cессиясы

2019-жылдын 9-марты № 3

Кара-Таш айыл аймагында Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти бекитүү жөнүндө

Кара-Таш айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифин ЮСАИДдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун эксперттеринин кеп-кеңешинин, ошондой эле Кара-Таш айыл аймагынын жалпы тургундары менен өткөрүлгөн чоглуштарынын протоколдорунун чечимдери Кара-Таш айыл кеңешинин “Укук, мыйзамдуулук жана регламент”, “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиялары тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтомунун Жобосуна ылайык Кара-Таш айыл Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айыл аймагында Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифи ар бир кожолук тарабынан чыгарылган катуу тиричилик калдыктарынын көлөмү үчүн түзүлгөн калькуляциянын негизинде төмөндөгү тарифтер белгиленсин:

- Ар бир кожолуктан, бюджеттик жана коммерциялык ишканалардан чыгарылган 1 (бир) кап катуу тиричилик калдыктарына = 20 сом

- 1м 3 = 200 сом

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара- Таш айыл Кеңешинин «Укук, мыйзамдуулук жана регламент” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Н. Джаныбаев
