Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Таш айыл кеңешинин «Кара-Таш айыл аймагында Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Кара-Таш айыл кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI cессиясы
2019-жылдын 9-марты № 3
Кара-Таш айыл аймагында Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти бекитүү жөнүндө
Кара-Таш айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифин ЮСАИДдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун эксперттеринин кеп-кеңешинин, ошондой эле Кара-Таш айыл аймагынын жалпы тургундары менен өткөрүлгөн чоглуштарынын протоколдорунун чечимдери Кара-Таш айыл кеңешинин “Укук, мыйзамдуулук жана регламент”, “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиялары тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтомунун Жобосуна ылайык Кара-Таш айыл Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагында Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифи ар бир кожолук тарабынан чыгарылган катуу тиричилик калдыктарынын көлөмү үчүн түзүлгөн калькуляциянын негизинде төмөндөгү тарифтер белгиленсин:
- Ар бир кожолуктан, бюджеттик жана коммерциялык ишканалардан чыгарылган 1 (бир) кап катуу тиричилик калдыктарына = 20 сом
- 1м 3 = 200 сом
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара- Таш айыл Кеңешинин «Укук, мыйзамдуулук жана регламент” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Н. Джаныбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.