# Кара-Таш айыл кенешинин 2019-жылдын 9-мартындагы № 1 "Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга карата ичүүчү таза сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Таш айыл кенешинин 2019-жылдын 9-мартындагы № 1 "Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга карата ичүүчү таза сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 09.03.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.03.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/440185>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64384/edition/992077/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.03.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Таш айыл кенешинин 2019-жылдын 9-мартындагы № 1 "Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга карата ичүүчү таза сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 09.03.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/440185

---

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Кара-Таш айыл кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI cессиясы

2019-жылдын 9-марты № 1

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга карата ичүүчү таза сууга болгон тарифти бекитүү жөнүндө

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга карата ичүүчү таза сууга болгон тарифин ЮСАИДдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун эксперттеринин кеп-кеңеши, ошондой эле Кара-Таш айыл аймагындагы “Көл-Жаңгак” ИСКАКБнын Кара-Таш айылынын тургундары менен өткөрүлгөн чогулуштарынын протоколдору Кара-Таш айыл кеңешинин “Укук, мыйзамдуулук жана регламент”, “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиялары тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтомунун Жобосуна ылайык Кара-Таш айыл Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик багыттагы мекеме-ишканаларга суу эсептегич аркылуу өткөн суунун өлчөмү үчүн түзүлгөн калькуляциянын негизинде төмөндөгү тарифтер белгиленсин:

Айыл тургундарына - 1м3 = 20 сом Бюджеттик багыттагы мекемелерге - 1м3 = 35 сом Коммерциялык багыттагы мекемелерге - 1м3 = 35 сом Борборлоштурулган мечит менен медресеге - 1м3 = 10 сом

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара- Таш айыл Кеңешинин «Укук, мыйзамдуулук жана регламент” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Н. Джаныбаев
