# Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы № 20 «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долбоорло институту тарабынан даярдалган Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жер фондун чек араларынын тактоодо жазылган сызыкты бекитүү жөнүндө" токт ому

- Полное наименование: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы № 20 «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долбоорло институту тарабынан даярдалган Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жер фондун чек араларынын тактоодо жазылган сызыкты бекитүү жөнүндө" токт ому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 20
- Дата принятия: 12.06.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.06.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/440176>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64376/edition/991877/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.06.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы № 20 «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долбоорло институту тарабынан даярдалган Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жер фондун чек араларынын тактоодо жазылган сызыкты бекитүү жөнүндө" токт ому (ред. от 12.06.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/440176

---

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы

2019-жылдын 12-июну № 20

«Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долбоорло институту тарабынан даярдалган Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жер фондун чек араларынын тактоодо жазылган сызыкты бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө” жобонун 23-талабына ылайык «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долбоорло институту тарабынан даярдалган Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жер фондун чек араларынын тактоо боюнча иш кагаздарын карап чыгып Жалпак-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долбоорло институту тарабынан даярдалган Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жер фондусунун чек араларынын тактоо иш кагаздары чек араларды тактоодо жазылган сызык боюнча бекитилсин.

2. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жер фондусун тактоо жөнүндөгү 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 04 токтому бекитилсин.

3. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы Чоң Жайлоо аталышындагы Дардаң Көл, Миң Жылкы, Ак Богуз, Кичи Каратума, Бекташ, Суук Төр, Чоңбөдөнө, Кичибөдөнө жана башка аталыштагы жайыттар жайгашкан аймактардын картасы чийилип берилиши Кыргызмамжердолбоор мамлекеттик институтунан суралсын.

4. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Чоң Жайлоо жайлоосунун аянты Өзгөн райондук мамкаттоо башкармалыгы тарабынан эсепке киргизилиши суралсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

Ш. Арынов
