# Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы № 15 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Боз-Ала калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө

- Полное наименование: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы № 15 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Боз-Ала калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15
- Дата принятия: 12.06.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.06.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/440171>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64371/edition/991861/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.06.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы № 15 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Боз-Ала калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө (ред. от 12.06.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/440171

---

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы

2019-жылдын 12-июну № 15

Жалпак-Таш айыл аймагынын Боз-Ала калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү туралуу” Мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча Ведомостволор аралык комиссиясынын ишмердиги жөнүндө Жобонун 3-талабына ылайык Боз-Ала калктуу конушунун тургундарынын жалпы жыйынынынын токтомуна таянып Жалпак-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Боз-Ала калктуу конушун айыл категориясына киргизүүгө сунушталсын.

2. Боз-Ала калктуу конушун айыл категориясына киргизүү жагы тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардан суралсын.

3. Мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

Ш. Арынов
