# Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-мартындагы № 11 "Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-мартындагы № 11 "Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11
- Дата принятия: 25.03.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.03.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/440169>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64369/edition/991099/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.03.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-мартындагы № 11 "Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө" токтому (ред. от 25.03.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/440169

---

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезектеги 17-сессиясы

2019-жылдын 25-марты № 11

Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 токтомуна ылайык Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен айыл акча каражатын кароо жана айыл амагындагы калктуу конуштардын жана көчөлөрдүн аталыштарын алмаштырууну убактылуу токтотуу максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 31-декабарына чейинки мезгилде айыл аймагындагы калктуу пунктардын жана көчөлөрдүн аталыштарын алмаштыруу токтотолсун.

2. Жалпак-Таш айыл аймагында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен сметага ылайык акча каражаты каралсын.

3. Эл жана турак-жай фондун каттоону уюштуруу жана ага кеткен чыгымдардын сметаларын мыйзам чегинде эсептеп чыгып, иш алып баруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Таши уулу Жетимишке жүктөлсүн.

Төрага

Ш. Арынов
