# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-декабрындагы № 01-5/199 "Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-декабрындагы № 01-5/199 "Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-5/199
- Дата принятия: 24.12.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.12.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/440108>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64308/edition/989219/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.12.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-декабрындагы № 01-5/199 "Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому (ред. от 24.12.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/440108

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 24-декабры № 01-5/199

Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин кайрылуусун кароо жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин 2019-жылдын 16-декабрындагы № 05-11/132 сандуу катынын негизинде Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин 2019-жылдын бюджетин бекитүүдө каралган акча каражатынан, муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин беш кызматкерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартынданы № 131 токтомунун 4-пунктуна ылайык эки өлчөм (оклад) акчалай сыйлык төлөп берүү боюнча шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин 2019-жылдын 16-декабрындагы № 05-11/132 сандуу каты канааттандырылсын.

2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.

3. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин беш кызматкерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомунун 4-пунктуна ылайык эки (оклад) өлчөмдө сыйлоо катары төлөнүп берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы А.Шерматовго жана эсепчиси Т.Усенбаевге милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

Төраганын милдетин аткаруучу

Я.Т.Абдурахманов
