Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин «Жалал-Абад шаары боюнча 2020-жылга карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды жактыруу жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ VIII чакырылыш кезектеги ХIX сессия
2019-жылдын 26-декабры № 1
Жалал-Абад шаары боюнча 2020-жылга карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндөгү Жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” № 230 токтомун негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.12.2019-ж. чыг.№ 04-01/3449 катты шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусун эске алуу менен депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаары боюнча 2020-жылга карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын тизмеси № 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Жалал-Абад шаары боюнча 2020-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) гранттын жергиликтүү бюджеттен 30% үлүшү 13 311 343,5 сом өлчөмүндө жактырылсын жана 2020-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджеттин долбооруна киргизүү жагы Жалал-Абад шаарынын аткаруу бийлигине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун 1-тиркемеси менен бекитилген долбоорлорду Жалал-Абад шаарынын Өнүгүү стратегиясына кошумча катары киргизүүгө макулдук берилсин, аткаруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялагандан тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары
М. Тургунбаев
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы XIX сессиясынын 1-токтомуна 1-тиркеме
Жалал-Абад шаары боюнча 2020-жылы республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун тизмеси
Мекеме ишканалардын аталышы
Долбоорлордун аталышы
Каржылоонун көлөмү (сом)
Республика лык бюджет
Жергиликтүү бюджет
Муктаждык
1
№7 "Малышка"ББ
МЧББУнун имаратынын чатырын жаңылоо
805752
345322
1151074
2
№11 "Байчечекей" ББ
Сырткы ички канализациясын оңдоо
572826
245497
818323
3
№36 "Ласточка" ББ
МЧББУнун имаратынын ички сырткы канализация түүктөрүн жаңылоо жана ички сырткы эшик терезелерди жаңылоо
1866713
800020
2666733
4
№4 "Алтын Балалык" ББ
МЧББУнун имаратына жылытуучу системаны орнотуу
248186
106366
354552
5
№15 "Рябинушка" ББ
МЧББУнун имаратынын чатырын жаңылоо жана эшик терезелерин алмаштыруу
2097103
898759
2995862
6
№19 "Конгуроочо" ББ
Короонун эскилиги жеткен темир зым тосмолорун жаңы тосмого алмаштыруу
1315821,5
563923,5
1879745
7
№5 "Чолпон" ББ
Ички сырткы капиталдык ремонт, эшик терезелерди металопластик терезелерине алмаштыруу
2593031
1111299
3704330
8
№10 "Барчын" ББ
Эскилиги жеткен тосмону жаны тосмого алмаштыруу, ваннаны капиталдык ремонт кылуу
1403555
601523
2005078
9
Репродуктивдик борбор
Эски төрөт үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү (фасад)
2312298,1
990984,9
3303283
10
"Жеңиш" эс алуу багы
Тосмолорун, отургучтарын, дарбазаларын жаңылоо жана коомдук ажааткана куруу
2350469,1
1007343,9
3357813
11
№9 Р.Санатбаев МГ
Терезелерди пластикке ал эми эшиктерин жыгач эшикке алмаштыруу
1651680
707862
2359542
12
№21 Ж.Болотов ОМ
Терезелерин пластик терезелерине алмаштыруу
2079149
891064
2970213
13
№8 ОМ
Терезелерин пластик терезелерге алмаштыруу
2091581
896391
2987972
14
Т.Тайгараев АБ
Имараттын ичин оңдоп түзөө
663673,5
284431,5
948105
15
№5 ҮДБ
Имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү (фасад)
1450429
621613
2072042
16
Парк "Токтогул"
Паркты жакшыртуу, көрктөндүрүү
444544
190519
635063
17
№17 "Каакым" ББ
Капитальный ремонт беседки
1688920,8
723823,2
2412744
18
№4 МГ
Капитальный ремонт фасада
2103007
901288
3004295
19
ДОО №33 Бермет
Капитальный ремонт здании
1943413,5
832891,5
2776305
20
№10 Т.Кошматов МГ
Терезелерин пластик терезелерине алмаштыруу
1377651
590422
1912613
Баары:-
31059803,5
13311343,5
44315687
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы Б. Беркбаева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 21 апреля 2015 года № 230 "Об утверждении Положения об отборе и финансировании проектов за счет долевых (стимулирующих) грантов и Инструкции по…Постановление · 21.04.2015 · № 230 · Утратил силу