# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июнундагы № 90/ XIII-27 "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылдарга социалдык мамлекеттик заказы Программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июнундагы № 90/ XIII-27 "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылдарга социалдык мамлекеттик заказы Программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: № 90/ XIII-27
- Дата принятия: 10.06.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.06.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/440030>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64232/edition/1026636/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.06.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июнундагы № 90/ XIII-27 "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылдарга социалдык мамлекеттик заказы Программасын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 10.06.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/440030

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2019-жылдын 10-июну № 90/ XIII-27

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылдарга социалдык мамлекеттик заказы Программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги “Мамлекеттик социалдык заказ” жөнүндөгү Мыйзамына ылайык жана 12 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн иш чараларды уюштуруу жана аткаруу максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл өкмөтунүн 2019-2020 жылдарга мамлекеттик социалдык заказ Программасы бекитилсин.

2. Узун-Кыр айыл өкмөтүндө мамлекеттик социалдык заказынын ишке ашыруу планы иштелип чыксын.

3. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бюджетинен 70823 “Маданият” бөлүмүнөн суммасы 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты мамлекеттик социалдык заказ Программасын ишке ашыруу үчүн бөлүнүп берилсин.

4. Мамлекеттик социалдык заказ Программасын ишке ашыруу Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы С.А.Чокошовго жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Ж.А. Малабаев
