# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы № 67/XI-27 "Узун-Кыр айылдык кеңешинин этикалык кодексин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы № 67/XI-27 "Узун-Кыр айылдык кеңешинин этикалык кодексин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: № 67/XI-27
- Дата принятия: 10.12.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.12.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/440007>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64210/edition/1026592/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.12.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы № 67/XI-27 "Узун-Кыр айылдык кеңешинин этикалык кодексин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 10.12.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/440007

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2018-жылдын 10-декабры № 67/XI-27

Узун-Кыр айылдык кеңешинин этикалык кодексин бекитүү жөнүндө Жергиликтүү кеңештин депутаты наамынын коомдогу социалдык маанисин, абройун жогорулатуу, депутаттардын жергиликтүү кеңештердеги ишмердиктериндеги, шайлоочулар менен өз ара мамилелериндеги, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен өз ара мамилелериндеги жана эл алдында чыгып сүйлөөдөгү этикалык эрежелерин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айылдык кеңешинин этикалык кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин социалдык суроолор, укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

Ж.А. Малабаев
