# Баткен шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 16-октябры №34 "Баткен шаарынын аты жок кээ бир көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Баткен шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 16-октябры №34 "Баткен шаарынын аты жок кээ бир көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 34
- Дата принятия: 16.10.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.10.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/434561>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64002/edition/1035485/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.10.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баткен шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 16-октябры №34 "Баткен шаарынын аты жок кээ бир көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому (ред. от 16.10.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/434561

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

2019-жылдын 16-октябры №34 Баткен шаарынын аты жок кээ бир көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы №108 «Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү» токтомунун жана Баткен шаардык кеңешинин 2019-жылдын 22-декабрындагы «Баткен шаарындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обьектилерге ат коюу, аталыштарын өзгөртүү жөнүндөгү» №12-5 токтомуна жана Баткен шаардык Кеңешинин социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 7-октябрдагы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Баткен шаарынын аймактык башкармалыктарынын аты жок көчөлөрүнө төмөнкү

сунушталган ысымдар ыйгарылсын:

1.Баткен шаарынын Келечек АТОсунун Аэропорт конушунун ,түндүк чыгышындагы, түндүктөн-түштүктү карай кеткен аты жок көчөгө УАМС катышуучусу «Эсенов Имар» ысымы ыйгарылсын.

2.Шаардын Келечек кварталынын Аэропорт конушунун батыштан-чыгышты карай кеткен аты жок көчөгө «Аэропорт 2» ысымы ыйгарылсын.

3.Шаардын Келечек АТОсунун Аэропорт конушунун чыгыш-түштүгүндө, түштүктөн-түндүктү карай кеткен аты жок көчөгө «Аэропорт 3» ысымы ыйгарылсын.

4.Шаардын Келечек АТОсунун Аэропорт конушунун чыгыш-түштүгүндө, батыштан-чыгышты карай кеткен аты жок 4-көчөгө «Аэропорт 4» , Элита шаарчасындагы 2 –көчөгө «Элита» ысымы ыйгарылсын

5.Шаардын Келечек АТОсунун Аэропорт конушунун чыгыш-түштүгүндө, батыштан-чыгышты карай кеткен аты жок 5- көчөгө «Аэропорт 5» ысымы ыйгарылсын

6.Шаардын Келечек АТОсунун Аэропорт конушунун чыгыш-түштүгүндө, батыштан-чыгышты карай кеткен аты жок 6-көчөгө «Аэропорт 6» ысымы ыйгарылсын.

7.Базар-Башы АТОсунун аты жок көчөсүнө эмгек ардагери, маркум «Нишанов Садыктын» ысымы ыйгарылсын.

8.Башар-Башы АТОсунун аты жок Таш көпүрөөдөн чыгышты карай кеткен аты жок көчөгө «Акимова Улукбүбүнүн» ысымы ыйгарылсын.

9.Базар-Башы АТОсунун аты жок көчөсүнө УАМС катышуучусу маркум «Гыязов Мамадтин» ысымы ыйгарылсын.

10.Базар-Башы АТОсунун күн чыгышындагы түндүктөн түштүктү карай кеткен көчөгө «Ыйман» ысымы, 4-көчөгө «Мурас» ысымы,4-көчөгө «Достук» ысымы, 5-көчөгө «Ала-Тоо» ысымы ыйгарылсын.

11.Чет-Булак АТОсунун күн чыгыш тарабындагы аты жок көчөгө Аскер кызматкери маркум «Ташполотов Турдубектин» ысымы ыйгарылсын.

12.Чет-Булак АТОсунун Айгүл-Таш подстанциясынын аты жок 8-көчөсүнө УАМС катышуучусу, ардагер маркум «Акматов Маматтин» жана аты жок 9 көчөгө «Ырысбай Абдыкадыровдун» ысымы ыйгарылсын.

13.Чет-Булак АТОсунун Айгүл-Таш подстанциясынын аты жок 5-көчөсүнө УАМС катышуучусу, маркум «Бегалиев Гаиптин» ысымы ыйгарылсын.

14.Чет-Булак АТОсунун Курманжан Датка көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы аты жок 1-көчө «Жакшылык» ысымы ыйгарылсын.

15.Булак-Башы АТОсунун жаңы участкасынын батыш тарбындагы түндүктөн түштүктү карай кеткен көчөгө УАМС катышуучусу, маркум «Сулайманов Ажибайдын» ысымы ыйгарылсын.

16.Булак-Башы АТОсунун аты жок көчөсүнө «Тынчтык» ысымы ыйгарылсын.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык жактан өнүгүү жашатар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергеновго/ тапшырылсын.

Төрага

А.Ташбеков
