Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык Кеңешинин «Баткен шаарынын аты жок кээ бир көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-октябры №34 Баткен шаарынын аты жок кээ бир көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы №108 «Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү» токтомунун жана Баткен шаардык кеңешинин 2019-жылдын 22-декабрындагы «Баткен шаарындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обьектилерге ат коюу, аталыштарын өзгөртүү жөнүндөгү» №12-5 токтомуна жана Баткен шаардык Кеңешинин социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 7-октябрдагы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын аймактык башкармалыктарынын аты жок көчөлөрүнө төмөнкү
сунушталган ысымдар ыйгарылсын:
1.Баткен шаарынын Келечек АТОсунун Аэропорт конушунун ,түндүк чыгышындагы, түндүктөн-түштүктү карай кеткен аты жок көчөгө УАМС катышуучусу «Эсенов Имар» ысымы ыйгарылсын.
2.Шаардын Келечек кварталынын Аэропорт конушунун батыштан-чыгышты карай кеткен аты жок көчөгө «Аэропорт 2» ысымы ыйгарылсын.
3.Шаардын Келечек АТОсунун Аэропорт конушунун чыгыш-түштүгүндө, түштүктөн-түндүктү карай кеткен аты жок көчөгө «Аэропорт 3» ысымы ыйгарылсын.
4.Шаардын Келечек АТОсунун Аэропорт конушунун чыгыш-түштүгүндө, батыштан-чыгышты карай кеткен аты жок 4-көчөгө «Аэропорт 4» , Элита шаарчасындагы 2 –көчөгө «Элита» ысымы ыйгарылсын
5.Шаардын Келечек АТОсунун Аэропорт конушунун чыгыш-түштүгүндө, батыштан-чыгышты карай кеткен аты жок 5- көчөгө «Аэропорт 5» ысымы ыйгарылсын
6.Шаардын Келечек АТОсунун Аэропорт конушунун чыгыш-түштүгүндө, батыштан-чыгышты карай кеткен аты жок 6-көчөгө «Аэропорт 6» ысымы ыйгарылсын.
7.Базар-Башы АТОсунун аты жок көчөсүнө эмгек ардагери, маркум «Нишанов Садыктын» ысымы ыйгарылсын.
8.Башар-Башы АТОсунун аты жок Таш көпүрөөдөн чыгышты карай кеткен аты жок көчөгө «Акимова Улукбүбүнүн» ысымы ыйгарылсын.
9.Базар-Башы АТОсунун аты жок көчөсүнө УАМС катышуучусу маркум «Гыязов Мамадтин» ысымы ыйгарылсын.
10.Базар-Башы АТОсунун күн чыгышындагы түндүктөн түштүктү карай кеткен көчөгө «Ыйман» ысымы, 4-көчөгө «Мурас» ысымы,4-көчөгө «Достук» ысымы, 5-көчөгө «Ала-Тоо» ысымы ыйгарылсын.
11.Чет-Булак АТОсунун күн чыгыш тарабындагы аты жок көчөгө Аскер кызматкери маркум «Ташполотов Турдубектин» ысымы ыйгарылсын.
12.Чет-Булак АТОсунун Айгүл-Таш подстанциясынын аты жок 8-көчөсүнө УАМС катышуучусу, ардагер маркум «Акматов Маматтин» жана аты жок 9 көчөгө «Ырысбай Абдыкадыровдун» ысымы ыйгарылсын.
13.Чет-Булак АТОсунун Айгүл-Таш подстанциясынын аты жок 5-көчөсүнө УАМС катышуучусу, маркум «Бегалиев Гаиптин» ысымы ыйгарылсын.
14.Чет-Булак АТОсунун Курманжан Датка көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы аты жок 1-көчө «Жакшылык» ысымы ыйгарылсын.
15.Булак-Башы АТОсунун жаңы участкасынын батыш тарбындагы түндүктөн түштүктү карай кеткен көчөгө УАМС катышуучусу, маркум «Сулайманов Ажибайдын» ысымы ыйгарылсын.
16.Булак-Башы АТОсунун аты жок көчөсүнө «Тынчтык» ысымы ыйгарылсын.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык жактан өнүгүү жашатар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергеновго/ тапшырылсын.
Төрага
А.Ташбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 5 марта 1998 года №108 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О географических названиях в Кыргызской Республике"Постановление · 05.03.1998 · № 108 · Утратил силу