Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Дара айылдык кеңешинин «Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинде жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө» токтому
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XХVII-сессиясы
2020-жылдын 28-февралы №5 Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинде жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” №64 токтомун кароо боюнча Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” №64 токтомунун негизинде Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинде жооптуу катчы кызмат орду бекитилсин.
2. Айылдык кеңештин аппараты жок болгондугуна байланыштуу бардык тийиштүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
М.Султанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 29 декабря 2016 года № 706 " О вопросах организации государственной гражданской службы и муниципальной службы"Постановление · 29.12.2016 · № 706 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.