# Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы №30/130 "Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун типтүү Уставын жана коомдук кеӊештердин курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы №30/130 "Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун типтүү Уставын жана коомдук кеӊештердин курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 30/130
- Дата принятия: 28.05.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.05.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/434518>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63959/edition/1034550/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.05.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы №30/130 "Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун типтүү Уставын жана коомдук кеӊештердин курамын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 28.05.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/434518

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 30-сессиясы

2020-жылдын 28-майы №30/130 Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун типтүү Уставын жана коомдук кеӊештердин курамын бекитүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2005–жылдын 25–июнундагы №82 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015–жылдын 27–октябрындагы №747 токтомуна негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын 02–мартындагы №54 протоколунун чечимин жана шаардын мэриясынын 2019–жылдын 31–декабрындагы №01–8/2487 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу «Кызыл-Кыя-1» жана «Кызыл–Кыя–2» борборлорунун Уставдары 1– жана 2–тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун коомдук кеӊештеринин курамы 3– жана 4–тиркемелерге ылайык, токтомдун 4–тиркемесиндеги Мадаминов Р. ордуна Я.Мурзаев киргизилип бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрайым

У. Дарипова
