Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин «Үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктун алдын алуу жана балдарды коргоо боюнча шаардын мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө « токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 30-сессиясы
2020-жылдын 28-майы №30/129 Үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктун алдын алуу жана балдарды коргоо боюнча шаардын мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 25)-пунктуна, 31-беренесинин 1-бөлүгүнө жана «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 Мыйзамынын 19-беренесине негиз, шаардык кеӊешитин 2020-жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын 15–майындагы №56 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктун алдын алуу жана балдарды коргоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө шаардын вице-мэри А.Маткалыковдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.А.Топчубаевге милдеттендирилсин:
– «2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 08-январындагы №1 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, шаардагы укук коргоо органдары, шаардык билим берүү бөлүмү, саламаттыкты сактоо мекемелери жана шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо, коргоо жана үй-бүлөдөгү моралдык-психологиялык абалды жакшыртуу багытында иштерди жүргүзүү жагы;
– үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу жана балдарды коргоо боюнча шаардын
– мэриясынын 2020-жылдын 28-февралындагы №88-б буйругу менен бекитилген иш чаралар планын толук аткарылышын камсыз кылуу жагы;
– шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык ички иштер бөлүмү, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү менен биргеликте өспүрүмдөр арасында достукту чыӊдоо, зордук зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш чараларды өткөрүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым
У. Дарипова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Закон «Об охране и защите от семейного насилия»Закон · 27.04.2017 · № 63
- Указ Президента КР от 8 января 2020 года УП № 1 "Об объявлении 2020 года Годом развития регионов, цифровизации страны и поддержки детей"Указ · 08.01.2020 · № 1
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу