Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин «Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 06-февралындагы «Кызыл-Кыя шаарынын 2020–жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө» №28/120 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 29-сессиясы
2020-жылдын 19-марты №29/123 Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 06-февралындагы «Кызыл-Кыя шаарынын 2020–жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө» №28/120 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы №30/132 токтомунун редакциясына ылайык) Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164– жана 224–беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015–жылдын 27–апрелиндеги №258 негиз, Кадамжай райондук оорулардын алдын алуу жана жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык-эпидемиологиялык лабораториясынын 2019-жылдын 24-декабрындагы №24, 43, 52 жана 81 корутунду протоколдорун, шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын январь айындагы протоколун жана туруктуу комиссиянын сессияда берилген сунушун эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин 2020–жылдын 06–февралындагы «Кызыл-Кыя шаарынын 2020–жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө» №28/120 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1) «Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунда – мэриясында, шаардык кеӊеште, муниципалдык менчик департаментинде жана «Караван» аймактык башкармалыгында дайыма оргтехникаларды пайдалануу менен эмгектенген муниципалдык кызматкерге оргтехникаларды пайдалануудан келтирилүүчү зыяндар үчүн эмгек акыларына кошумча төлөөлөр 2020–жылдын 1–январынан баштап киргизилсин», – деген 10–пункт менен толукталсын;
2) Токтомдун 11–пункту болуп: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №242-р Буйругуна ылайык “Маалыматтык күркөлөр” долбоору аяктагандыгына байланыштуу, КРӨ караштуу Мамлекеттик Каттоо Кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишиминин талаптарына ылайык иш жүргүзүү жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэрине (Э.Топчубаевге) тапшырылсын.
(2020-жылдын 28-майындагы №30/132 токтомунун редакциясына ылайык)
3) киргизилген толуктоолорго ылайык, токтомдун 10–пункту 12–пункт болуп эсептелсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым
У. Дарипова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 2 · связанные 3
Цитируется в (2)
- Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2020-жылдын 6-февралындагы №28/120 "Кызыл-Кыя шаарынын 2020-жылга шаардын жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.02.2020 · № 28/120
- Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы №30/132 "Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-мартындагы №29/123 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.05.2020 · № 30/132
Ссылается на (2)
- Распоряжение Правительства КР от 28 июня 2019 года № 242-р (О внесении изменения в распоряжение Правительства Кыргызской Республики 19 сентября 2017 года № 410-р)Распоряжение · 28.06.2019 · № 242-р
Показаны 1 из 2. Полный список - в панели ссылок.
Связанные документы (3)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 27 апреля 2015 года № 258 "Об утверждении Положения о порядке установления доплат за тяжелые работы и работы с вредными или опасными условиями…Постановление · 27.04.2015 · № 258
- Трудовой кодекс КРКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Утратил силу
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу