Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Исфана шаардык кеңешинин «Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө» токтому
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2019-жылдын 19-декабры №6 «Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” Жобонун 2-бөлүмүнүн 7-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIIIсессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер сунуш кылынсын. ( Талапкерлердин тизмеси тиркелет).
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
(Тиркеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивинде сакталат)
Тѳрага
Б.И.Тагаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 2
Ссылается на (1)
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики»Закон · 30.06.2011 · № 62
- Положение "О порядке формирования и расформирования избирательных комиссий" (утвержденное постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 8 июля…Положение · 08.07.2011 · № 7