# Исфана шаардык кеңешинин 2020-жылдын 31-январындагы № 3 "Исфана жайыт комитетинин 2020-жылга карата мал башына төлөнүүчү жайыт акысынын тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Исфана шаардык кеңешинин 2020-жылдын 31-январындагы № 3 "Исфана жайыт комитетинин 2020-жылга карата мал башына төлөнүүчү жайыт акысынын тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 31.01.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.01.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/434420>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63865/edition/1032293/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.01.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Исфана шаардык кеңешинин 2020-жылдын 31-январындагы № 3 "Исфана жайыт комитетинин 2020-жылга карата мал башына төлөнүүчү жайыт акысынын тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 31.01.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/434420

---

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы

2020-жылдын 31-январы № 3 Исфана жайыт комитетинин 2020-жылга карата мал башына төлөнүүчү жайыт акысынын тарифтерин бекитүү жөнүндө Исфана жайыт комитетинин 2020-жылга карата мал башына төлөнүүчү жайыт акысынын тарифтерин бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 токтомунун 46-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXIX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфана жайыт комитетинин 2020-жылга карата малдардын башына төлөнүүчү жайыт акысынын тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)

2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.И.Тагаев

Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын 2020-жылдын 31-январындагы №3 токтомуна тиркеме

Исфана Жайыт комитетинин Исфана шаардык Кеңеши тарабынан жайыттарды пайдалануу жөнүндө «жайыт мыйзамынын» 9-10-береленерине ылайык малдардын түрлөрүнө жана ар бир башына карата 2020-жылга акы төлөө өлчөмдөрү.

№

Малдын түрлөрү

2019-жылга эсептелген малдын саны

Которуу коэффи центи

Шарттуу малдын саны

Мал башына эсептелген жайыт акысы

Жеке чарбада багылуучу жана базарга сатылуучу мал саны (болжолдуу)

Мал башына

Жалпы суммасы

Жеке чарбада

Базарга

1

ИММ

3221

1,0

3221

60

192060

1800

616

2

Жаш бодо мал

1644

0,7

1151

42

69048

2

МММ

28070

0,2

5614

15

421050

2500

3

Жылкы эшектер

480

1,0

480

100

48 000

Жыйынтыгы:

730158

Исфана жайыт комитетинин төрагасы:- Х.А. Мамыров.
