# Орозбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №210 "Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана Учкун айылдарына айыл башчы алуу менен, штаттык түзүмгө киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Орозбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №210 "Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана Учкун айылдарына айыл башчы алуу менен, штаттык түзүмгө киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 210
- Дата принятия: 26.12.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.12.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/434402>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63848/edition/1032029/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.12.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Орозбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №210 "Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана Учкун айылдарына айыл башчы алуу менен, штаттык түзүмгө киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 25.12.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/434402

---

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Орозбеков айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз тогузунчу сессиясы

2019-жылдын 25-декабры №210 Кыргыз Республикасынын 02.08.2019-ж. №112 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана Учкун калктуу конуштары айыл категориясына киргизилип, айыл статусу берилгендиктен, ар бир айылга айыл башчы алуу менен, штаттык түзүмгө киргизүү зарылдыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1.Орозбеков айыл аймагынын айыл категориясына киргизилген Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана А.Орозбеков айылдарынын ар бирине айыл башчы алынсын.

2. Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүнө айыл башчыларды киргизүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Назарбаев.
