Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Орозбеков айылдык кеңешинин «Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана Учкун айылдарына айыл башчы алуу менен, штаттык түзүмгө киргизүү жөнүндө» токтому
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Орозбеков айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз тогузунчу сессиясы
2019-жылдын 25-декабры №210 Кыргыз Республикасынын 02.08.2019-ж. №112 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана Учкун калктуу конуштары айыл категориясына киргизилип, айыл статусу берилгендиктен, ар бир айылга айыл башчы алуу менен, штаттык түзүмгө киргизүү зарылдыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Орозбеков айыл аймагынын айыл категориясына киргизилген Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана А.Орозбеков айылдарынын ар бирине айыл башчы алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүнө айыл башчыларды киргизүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:
А.Назарбаев.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.