Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Орозбеков айылдык кеңешинин «Орозбеков айыл аймагынын Назарамин участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондунан турак жай курууга жер аянтын которуштурууга (трансформация) макулдук берүү жөнүндө» токтому
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Орозбеков айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз жетинчи сессиясы
2019-жылдын 13-декабры №198 Орозбеков айыл аймагынын Назарамин участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондунан турак жай курууга жер аянтын которуштурууга (трансформация) макулдук берүү жөнүндө Орозбеков айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси А.Акматовдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-ж. №512 токтомуна ылайык Орозбеков айыл аймагынын Назарамин учаткасындагы №248-контурдагы 18,75 га. кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянтын турак жай куруу үчүн которуштурууга макулдук берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана айыл тургундарынын турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө арыздарын карап жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Орозбеков айыл аймагынын Назарамин участкасындагы №248-контурдагы кайра бөлүштүрүү фондунун 18,75 га. жер аянтын турак жай куруу үчүн которуштурууга (трансформация) макулдук берилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнө (А.Алиев) КБФнан турак жай куруу үчүн которуштурууга макулдук берилген жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:
А.Назарбаев.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 31 октября 2018 года № 512 "Об утверждении Временного порядка перевода (трансформации) земельных участков орошаемой пашни, застроенных…Постановление · 31.10.2018 · № 512 · Утратил силу