# Уч-Коргон айылдык кенешинин2018-жылдын 27-декабрындагы № 16/3 "Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетинин 2018-жылда аткараган иштери жана 2019-жылдын бюджетине карата жамааттык планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Уч-Коргон айылдык кенешинин2018-жылдын 27-декабрындагы № 16/3 "Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетинин 2018-жылда аткараган иштери жана 2019-жылдын бюджетине карата жамааттык планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 16/3
- Дата принятия: 27.12.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.12.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/434324>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63770/edition/1029976/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.12.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Уч-Коргон айылдык кенешинин2018-жылдын 27-декабрындагы № 16/3 "Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетинин 2018-жылда аткараган иштери жана 2019-жылдын бюджетине карата жамааттык планын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 27.12.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/434324

---

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Уч-Коргон айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

2018-жылдын 27-декабры № 16/3 Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетинин 2018-жылда аткараган иштери жана 2019-жылдын бюджетине карата жамааттык планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы №91 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 1-4-беренелерине таянып, мамлекеттик токой фондунун жайыттарынан тышкары жайыттарды башкарууларды жакшыртуу жана пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик уккутук актыларынын талаптарына ылайык пайдалануу боюнча ишмердигин 2019-жылга карата жамааттык планын пайдалануу боюнча Уч-Коргон айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы Б.Юрсуновдун отчетту канааттандырылсын.

2.Уч-Коргон ЖПБнин 2018-жылдын 26-декабрындагы жаалпы отчеттук чогулушунда кабыл алынган токтому бекитилсин.

3.Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы №91 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 1-8-беренелерине ылайык, Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетинин 2019-жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планы жана орто мөөнөттүү 2019-2023-жылдарга карата планы, 2019-жылдын бюджетти бекитилсин.

4.Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине ылайык, 2019-жылга аныкталган жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төмөнкүдөй жайыт акылары бекитилсин, төлөнүүчү жер салыгы ушул жайыт акыларынын ичине киритилсин.

1.Бодо мал 200 сом;

2.Анын ичинен 1 жашка чейинки бодо мал 150 сом;

3.Кой, эчки 35 сом;

4.Жылкы 300 сом;

5.Анын ичинен 1 жашка чейинки жылкылар 210 сом;

6.Топоз 300 сом;

7.Анын ичинен 1 жашка чейинки топоздор 210 сом;

5.Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” 2009-жылдын 26-январындагы №30 мыйзамынын 23-1.10-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жайыт ресурстарын мал жайуу менен байланышпаган башка макматтарга пайдалануу укугун берүүнү жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому колдонууга алынсын жана ушул токтом менен бекитилген Типтүү жободо көрсөтүлгөн келишим менен түздөн-түз келишим түзүү укугу ыйгарылсын.

6.Убактылуу мал туруучу жайлар (корлоор) убактылуу чабандык үйлөр, кампалар, бастырмалар үчүн 1 м.кв жайыт аянты 10 сом жайыт акы белгиленсин, 0,01 га жайыт аянтын башка максатка пайдалангандыгы үчүн 30 сом күнгөй жайлоосунда 0,01 га жайыт 20 сом жайыт акы белгиленсин.

7.Жогоруда аныкталган жайыт акылары Уч-Коргон жана Чаувай айыл өкмөттөрүнүн жайыт пайдалануучуларынан тышкары жарандарга эки эсе өлчөмүндө жайыт акысы белгиленсин.

8.Мезгилдүү жайыт кароолдары дагы кошумча жайыт акы чогултуучу инспекторлору эки тараптуу келишим менен жалданып иштетилсин. Чогулган жайыт акынын 10% 15% ден кем эмес көлөмү инспекторлорго эмгек акы эсебинде төлөнсүн.

9.Жайыттардын чек араларын белгилөө жайыт жер салыгын чогултуу боюнча иш-чаралардын баары Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетине жүктөлсүн.

10.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмлдөө жагы Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдурахмановго жүктөлсүн.

Төрага

Х. Джалалов

“БЕКИТЕМИН” Уч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_Х.Джалалов “ 27 ” декабрь 2018-жыл

“МАКУЛДАШЫЛДЫ” Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_А.Абдурахманов “ 27 ” декабрь 2018-жыл

Баткен облусу, Кадамжай району Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата бекитилген бюджети

Малдын түрү

Малдын саны

Которуу коэффиценти

Шартуу мал башы

Жайыт акысы бир башка

Бардык сумма

Чоң бодо мал

300

1,0

300

200

60000

Жаш бодо мал

200

0,7

140

150

30000

Кой, эчки

6000

0,2

1200

,5

210000

Жылкы жана эшек

40

1,0

40

300

12000

Топоз

60

1,0

60

300

18000

Жалпы

1740

330000

Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу боюнча: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген келишим менен жүргүзүлсүн 0,01 га жайыт аянты үчүн 30 сом күнгөй жайытына 20 сом жайыт акы бекитилсин. Убактылуу мал туруучу жайлар чабандык үйлөр, кампалар короо навестер үчүн 1 ч.м. жайыт аянтына 10 сом жайыт акысы белгиленсин. Жайыттарды балык чарбасын өнүктүрүүлөргө шарттка жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде эки тараптуу келишим негизинде иш жүргүзүлсүн.

Жайыттарды башка пайдалануудан түшүүчү киреше

370000

Жалпы киреше

700000

Жогоруда аныкталган жайыт акылары Уч-Коргон айыл өкмөтү жана Чаувай айыл өкмөттөрүнүн жарандарынан тышкары жайыт пайдалануучуларга эки эсе деңгелдээ белгиленсин. Мезгилдүү жайыт короолорунда алыскы жайыттардын акы чогултуучу инвесторлор жана башка адистер эки тараптуу келишим менен иштетилсин.

Чыгымдардын статьялары

Саны

Айы

1 айга эмгек акы

1 жылга бардык сумма (сом)

Төраганын эмгек акысы

1

12

7000

84000

Башкы эсепчиинин эмгек акысы

1

12

4500

54000

Инспектор, кассир эмгек акысы

1

12

4000

48000

Програмист

1

12

2000

24000

Соц.фонд 17,25%

36000

Подоход салык 10%

21000

ГСМ

12

6000

Канц.товар

12

6000

Айыл өкмөтүнүн бюджетине

Жер салыгы

3/1

Бир жылга

190156

43177

Жайыт инфраструктурасына

136000

ЖК мүчөлөрүн окутууга жайытты мониторинг өткөрүүгө

20000

Башка чыгымдар

6367

Жалпы чыгым

700000
