Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Уч-Коргон айылдык кенешинин «Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетинин 2018-жылда аткараган иштери жана 2019-жылдын бюджетине карата жамааттык планын бекитүү жөнүндө» токтому
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Уч-Коргон айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2018-жылдын 27-декабры № 16/3 Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетинин 2018-жылда аткараган иштери жана 2019-жылдын бюджетине карата жамааттык планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы №91 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 1-4-беренелерине таянып, мамлекеттик токой фондунун жайыттарынан тышкары жайыттарды башкарууларды жакшыртуу жана пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик уккутук актыларынын талаптарына ылайык пайдалануу боюнча ишмердигин 2019-жылга карата жамааттык планын пайдалануу боюнча Уч-Коргон айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы Б.Юрсуновдун отчетту канааттандырылсын.
2.Уч-Коргон ЖПБнин 2018-жылдын 26-декабрындагы жаалпы отчеттук чогулушунда кабыл алынган токтому бекитилсин.
3.Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы №91 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 1-8-беренелерине ылайык, Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетинин 2019-жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планы жана орто мөөнөттүү 2019-2023-жылдарга карата планы, 2019-жылдын бюджетти бекитилсин.
4.Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине ылайык, 2019-жылга аныкталган жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төмөнкүдөй жайыт акылары бекитилсин, төлөнүүчү жер салыгы ушул жайыт акыларынын ичине киритилсин.
1.Бодо мал 200 сом;
2.Анын ичинен 1 жашка чейинки бодо мал 150 сом;
3.Кой, эчки 35 сом;
4.Жылкы 300 сом;
5.Анын ичинен 1 жашка чейинки жылкылар 210 сом;
6.Топоз 300 сом;
7.Анын ичинен 1 жашка чейинки топоздор 210 сом;
5.Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” 2009-жылдын 26-январындагы №30 мыйзамынын 23-1.10-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жайыт ресурстарын мал жайуу менен байланышпаган башка макматтарга пайдалануу укугун берүүнү жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому колдонууга алынсын жана ушул токтом менен бекитилген Типтүү жободо көрсөтүлгөн келишим менен түздөн-түз келишим түзүү укугу ыйгарылсын.
6.Убактылуу мал туруучу жайлар (корлоор) убактылуу чабандык үйлөр, кампалар, бастырмалар үчүн 1 м.кв жайыт аянты 10 сом жайыт акы белгиленсин, 0,01 га жайыт аянтын башка максатка пайдалангандыгы үчүн 30 сом күнгөй жайлоосунда 0,01 га жайыт 20 сом жайыт акы белгиленсин.
7.Жогоруда аныкталган жайыт акылары Уч-Коргон жана Чаувай айыл өкмөттөрүнүн жайыт пайдалануучуларынан тышкары жарандарга эки эсе өлчөмүндө жайыт акысы белгиленсин.
8.Мезгилдүү жайыт кароолдары дагы кошумча жайыт акы чогултуучу инспекторлору эки тараптуу келишим менен жалданып иштетилсин. Чогулган жайыт акынын 10% 15% ден кем эмес көлөмү инспекторлорго эмгек акы эсебинде төлөнсүн.
9.Жайыттардын чек араларын белгилөө жайыт жер салыгын чогултуу боюнча иш-чаралардын баары Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетине жүктөлсүн.
10.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмлдөө жагы Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдурахмановго жүктөлсүн.
Төрага
Х. Джалалов
“БЕКИТЕМИН” Уч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасы ________________Х.Джалалов “ 27 ” декабрь 2018-жыл
“МАКУЛДАШЫЛДЫ” Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы ____________А.Абдурахманов “ 27 ” декабрь 2018-жыл
Баткен облусу, Кадамжай району Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата бекитилген бюджети
Малдын түрү
Малдын саны
Которуу коэффиценти
Шартуу мал башы
Жайыт акысы бир башка
Бардык сумма
Чоң бодо мал
300
1,0
300
200
60000
Жаш бодо мал
200
0,7
140
150
30000
Кой, эчки
6000
0,2
1200
,5
210000
Жылкы жана эшек
40
1,0
40
300
12000
Топоз
60
1,0
60
300
18000
Жалпы
1740
330000
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу боюнча: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген келишим менен жүргүзүлсүн 0,01 га жайыт аянты үчүн 30 сом күнгөй жайытына 20 сом жайыт акы бекитилсин. Убактылуу мал туруучу жайлар чабандык үйлөр, кампалар короо навестер үчүн 1 ч.м. жайыт аянтына 10 сом жайыт акысы белгиленсин. Жайыттарды балык чарбасын өнүктүрүүлөргө шарттка жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде эки тараптуу келишим негизинде иш жүргүзүлсүн.
Жайыттарды башка пайдалануудан түшүүчү киреше
370000
Жалпы киреше
700000
Жогоруда аныкталган жайыт акылары Уч-Коргон айыл өкмөтү жана Чаувай айыл өкмөттөрүнүн жарандарынан тышкары жайыт пайдалануучуларга эки эсе деңгелдээ белгиленсин. Мезгилдүү жайыт короолорунда алыскы жайыттардын акы чогултуучу инвесторлор жана башка адистер эки тараптуу келишим менен иштетилсин.
Чыгымдардын статьялары
Саны
Айы
1 айга эмгек акы
1 жылга бардык сумма (сом)
Төраганын эмгек акысы
1
12
7000
84000
Башкы эсепчиинин эмгек акысы
1
12
4500
54000
Инспектор, кассир эмгек акысы
1
12
4000
48000
Програмист
1
12
2000
24000
Соц.фонд 17,25%
36000
Подоход салык 10%
21000
ГСМ
12
6000
Канц.товар
12
6000
Айыл өкмөтүнүн бюджетине
Жер салыгы
3/1
Бир жылга
190156
43177
Жайыт инфраструктурасына
136000
ЖК мүчөлөрүн окутууга жайытты мониторинг өткөрүүгө
20000
Башка чыгымдар
6367
Жалпы чыгым
700000
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- Постановление Правительства КР от 19 июня 2009 года №386 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики «О пастбищах»Постановление · 19.06.2009 · № 386
- Постановление Правительства КР от 13 сентября 2013 года № 515 "О порядке предоставления права пользования пастбищными ресурсами в иных целях, не связанных с выпасом скота"Постановление · 13.09.2013 · № 515 · Утратил силу
- Закон «О пастбищах»Закон · 26.01.2009 · № 30 · Утратил силу
- Закон «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пастбищах"»Закон · 11.07.2011 · № 91 · Утратил силу