Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин «Баткен областынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерлерди сунуштоо жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 27-сессиясы
2019-жылдын 25-декабры №27/116 Баткен областынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерлерди сунуштоо жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы №62 Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын курамы 2018-жылда 2 жылга түзүлгөн. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” 2019-жылдын 05-ноябрындагы № 121 Мыйзамынын негизинде аймактык шайлоо комиссиялары беш жылга түзүлөт. Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, , “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” 2019-жылдын 05-ноябрындагы № 121 Мыйзамына негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 13-декабрындагы №01-8/2290 катын, Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча материалдар менен таанышып, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сын сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен областынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин сапаттык курамында №12 болуп турган талапкер Ахматова Күмүшай Кадамжай районунун Чавай айылынын жашоочусу болгондугуна байланыштуу, тизмеден чыгарылсын, калган 16 талапкерлер жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына сунушталсын (Сапаттык курам тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппаратынын жетекчиси Р.Абдукаюмовго тапшырылсын.
Төрайым
У. Дарипова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Закон «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики»Закон · 30.06.2011 · № 62
- Закон «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики»Закон · 05.11.2019 · № 121
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу