Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сүлүктү шаардык кеӊешинин «Сүлүктү күрөӊ көмүр кени чыккан жер “Сүлүктү 11 талаа” жөнүндө» токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XXIV сессиясы
2019-жылдын 30-декабры № 115 Сүлүктү күрөӊ көмүр кени чыккан жер “Сүлүктү 11 талаа” жөнүндө Кыргыз Республикасынын өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан Сүлүктү күрөӊ көмүр кени чыккан жер “Сүлүктү 11 талаа” тилкеси конкурстан сатууга коюлгандыгына байланыштуу Сүлүктү шаарынын депутаттары 2019-жылдын 30-декабрындагы XXIV сессиясында талкуулап Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 3-февралындагы №18 “Көмүр жөнүндө” Мыйзамынын 10 беренесинин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сүлүктү күрөӊ көмүр кени чыккан жер “Сүлүктү 11 талаа” тилкесин конкурстан сатууга коюуга Сүлүктү шаардык кеӊешинин депутаттарынын макул эместиги Кыргыз Республикасынын өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине билдирилсин
2. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жиберилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.
Төрага
К. Исмаилов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «Об угле»Закон · 03.02.1999 · № 18 · Утратил силу