# Чолпон айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21–октябрындагы № 27/4 "Эпкин айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15-октябрындагы №6 Протоколу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чолпон айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21–октябрындагы № 27/4 "Эпкин айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15-октябрындагы №6 Протоколу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 27/4
- Дата принятия: 21.10.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.10.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/434138>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63591/edition/1019783/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.10.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чолпон айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21–октябрындагы № 27/4 "Эпкин айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15-октябрындагы №6 Протоколу жөнүндө" токтому (ред. от 21.10.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/434138

---

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы

2019-жылдын 21–октябры № 27/4 Эпкин айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15-октябрындагы №6 Протоколу жөнүндө № 4154 Эпкин шайлоо аймагынан депутат Жолдошов Канаттын Эпкин айылынын ортосунда орун алган түндүктөн түштүккө кеткен аты жок көчөгө “Жолдошов Абдыгазынын” ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 2019-жылдын 15-октябрындагы жалпы чогулушунун №6 протоколу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эпкинайылынын ортосунан орун алган түндүктөн түштүккө кеткен аты жок көчөнүн тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, көчөгө Жолдошов Абдыгазынын ысымы ыйгарылып, “Жолдошов Абдыгазы” атындагы көчө деп аталууга макулдук беребиз.

2. Жолдошов Абдыгазынын урпактары көчөнүн ирээттүүлүгун, тазалыгын, жолун тегиздөө, түнкү жарыкты иштетүү, жашылдандыруу-көрктөндүрүү ж.б. иштерди колго алуу жагы милдеттендирилсин.

Төрага

Т. Токтомушов
