Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ат-Башы айылдык кеңешинин «Ат-Башы айылдык кеңешине жооптуу катчы штаттык бирдигин ачуу жөнүндө» токтому
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз II сессиясы
2020-жылдын 19-марты № 2-2 Ат-Башы айылдык кеңешине жооптуу катчы штаттык бирдигин ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 26-июнундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын №124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» токтомунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Ат-Башы айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызмат оруну айыл өкмөттүн штаттык структурасына кошумча штат катары бекитилсин; Айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызмат ордуна конкурстук тандоону мыйзам чегинде өткөрүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага милдеттендирилсин. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын эмгек акысын мыйзам чегинде эсептеп төлөп берүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Т. Жусубалиевге жүктөлсүн. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Төрага
Т. Ыдырысов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.