Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жан-Булак айылдык кеңешинин m «Жан-Булак айыл аймагындагы Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жɵнүндɵ» токтому
ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVII- чакырылышынын депутаттарынын 6 -сессиясы
2020-жылдын 23-марты №6/1 Жан-Булак айыл аймагындагы Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 «Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жɵнүндɵ типтүү жобо тууралуу » токтомуна толуктоолорду жана ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жɵнүндɵ 2016-жылдын 18-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн №599 токтому , Кыргыз Республикасынын 2002 - жылдын 11-майындагы 378 Мыйзамына ылайык Жан-Булак айыл ɵкмɵтүнүн жер боюнча комиссиясынын 19-март 2020-жылдагы чечиминин негизинде Жан - Булак айылдык Кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2002 - жылдын 11-майындагы 378 Мыйзамына ылайык КБФнын 25 % айыл чарба жерлери Жан-Булак айыл аймагындагы кооперативдерине , үрɵнчүлүк ,асыл тукум чарбаларына берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 «айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жɵнүндɵ типтүү жобо тууралуу » токтомуна толуктоолорду жана ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жɵнүндɵ 2016-жылдын 18-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн №599 токтомуна ылайык Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен «Улгү »үрɵɵнчүлүк жана асыл тукум мал ɵстүрүү кооперативине 28,5 га , «Жийде-Бак» үрɵн чарбасына 22,0 га жер «Жекшенбек »кооперативине, 10,0 га жер «Талгат » тех сервисине , 15,0га жер «ЭГАДАС »кооперативдерине 6,5 га жер аянттары , түз берүү жолу менен ижарага 5 жылдык мɵɵнɵт менен берилсин.
3.Жогорудагы үрɵнчүлүк ,асыл тукум ,айыл чарба кооперативдери жылына бир жолу аткарылган иштери боюнча маалымат берип турулсун.
4. Ушул токтом Жан-Булак айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп,janbulak.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы ɵзүмɵ калтырылсын.
Тɵрага:
Т.Бекбоев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.