# Жан-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-ноябрындагы №15 "Жан – Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн салык жыйымдарын чогултуу жана аларды кɵзɵмɵлдɵɵчү ыйгарым укуктарын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ" токтому

- Полное наименование: Жан-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-ноябрындагы №15 "Жан – Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн салык жыйымдарын чогултуу жана аларды кɵзɵмɵлдɵɵчү ыйгарым укуктарын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15
- Дата принятия: 22.11.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.11.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/434065>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63522/edition/1019273/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.11.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жан-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-ноябрындагы №15 "Жан – Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн салык жыйымдарын чогултуу жана аларды кɵзɵмɵлдɵɵчү ыйгарым укуктарын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ" токтому (ред. от 22.11.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/434065

---

ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVII- чакырылышынын депутаттарынын 15- сессиясы

2019-жылдын 22-ноябры №15 Жан – Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн салык жыйымдарын чогултуу жана аларды кɵзɵмɵлдɵɵчү ыйгарым укуктарын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ Жан – Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн салык жыйымдары чогултуу жана аларды кɵзɵмɵлдɵɵ ыйгарым укуктарын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органына ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Шеримбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жан – Булак айыллдык кенешинин кезексиз сессиясы Токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына , Кыргыз Республикасынын Салык кодексине , Бузуулар жɵнүндɵгү Кодексге, Жергиликтүү ɵзүн - ɵзү башкаруу органына кээ бир мамлекеттик ыйгарым укуктарды ɵткɵрүп берүүнүн жоболору тууралуу“ 2014 – жылдын 17 –мартындагы № 145 жана 2016 – жылдын 11 - апрелиндеги № 202 токтомдорунун негизинде Жан - Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ салык жыйымдарын чогултуу жана аларды кɵзɵмɵлдɵɵ боюнча тɵмɵнкү ыйгарым укуктары бекитилип берилсин.

2. – Ыктыярдуу жана милдетүү патент салыгын жыйымдарын чогултуу

– Мүлк салыгынын 1,2,3,4, - группасына кирген салык жыйымдарын чогултуу

- Жер салыктарын чогултуу

– Салык боюнча кɵзɵмɵлдɵɵ рейддерин жүргүзүү, салык тɵлɵɵчүнүн салык органдарында регистрацияда тураарын, патенттин негизинде жүргүзүлүп жаткан бардык салык тɵлɵмдɵрүнүн тɵлɵнүшү боюнча иштер

3. Жан – Булак айыл аййиагынын айыл ɵкмɵтүнүн штатык бирдигине ɵзгɵртүү киргизилип, салык адисинин штаты (башкы кызмат орду) жана келишими бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы – айыл аймагынын башчысы Д.Шеримбековго жана финансы – экономикалык бɵлүмүнүн башчысы Ж.Эсенкановага милдеттендирилсин.

Тɵрага:

Т.Бекбоев
