# Кочкор айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 18-майындагы №54/3 "Муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төлөмдүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кочкор айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 18-майындагы №54/3 "Муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төлөмдүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 54/3
- Дата принятия: 18.05.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.05.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/434021>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63478/edition/1018790/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.05.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 18-майындагы №54/3 "Муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төлөмдүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө" токтому (ред. от 18.05.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/434021

---

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXIV сессиясы

2020-жылдын 18-майы №54/3 Муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төлөмдүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 30-мартындагы №186 буйругунун негизинде, COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирген терс таасирди азайтуу максатында, муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төөлөмдөрдүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 13-апрель 2020-жылдагы № 638-катын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Учурдагы , COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирген терс таасирди азайтуу максатында, муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төөлөмдөрдүн мөөнөтүн 2020-жылдын 1-апрелинен тартып 3 айга кийинкиге жылдырылсын.

2.Токтомду аткаруу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн салык инспектору боюнча адистерине тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго тапшырылсын.

Төрага:

Т.Ж.Балкыбеков
