# Сузак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы № 1 "Сузак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга сметасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Сузак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы № 1 "Сузак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга сметасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 24.01.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.01.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/433809>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63267/edition/1081140/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.01.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сузак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы № 1 "Сузак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга сметасын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 24.01.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/433809

---

СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XIX-СЕССИЯСЫ

2020-жылдын 24-январы № 1 Сузак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга сметасын бекитүү жөнүндө Сузак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга көрсөткүчтөрүнө ылайык сметасын бекитүү үчүн айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Карабаеванын билдирүүсүн угуп талкуулап, Сузак айылдык кеңеши; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сузак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери атайын каражаттар жана республикадан берилүүчү тендоо гранттар менен 2019-жылга 52493,9 мин сомго бекитилип, жыл ичинде кирешелердин анык аткарууларына салыштырмалуу 56834,4 мин сомго такталган жана 60784,7 пайызга аткарылып, 3950,0 мин сомго коп же болбосо 107 % пайызга аткарылган. Ал эми чыгашалары жалпы 52493,9 мин сомго бекитиллип, жыл ичинде кошумча каражаттар жана жыл башындагы калдыктар менен биргеликте 64783,3 мин сомго такталган жана анын аткарылышы 61507,8 мин сомду түзүп, 3275,5 мин сомго аз же болбосо 94,9 пайызга аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Ал эми 2020-жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери атайын каражаттар менен кошулуп жалпы 57408,7 мин сомго, анын ичинен салык жана салык эмес кирешелер 53808,7 мин сомго, атайын каражаттар 3600,0 мин сомго №1 тиркемеге ылайык, андан тышкары чыгашалары 57408,7 мин сомго, анын ичинен бюджеттик каражаттар 53808,7 мин сомго, атайын каражаттар 3600,0 мин сомго бекитилсин.

3. 2020-жылга айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары 3600,0 мин сом өлчөмүндө бала бакчалада тарбияланып жаткан балдардын тамак-аш чыгымдарына багытталсын.

4. Айыл өкмөтүндө жыйналган кирешелер «Кыргыз Республикасынын 2020-жылдарга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамга ылайык биринчи кезекте коргоого алынган беренелердин чыгымдарына (эмгек акы, соцалдык фондко болгон чегерүүлөр, тамак аш, элге женилдиктер жана коммуналдык кызматтарды) каржылоого багытталсын.

5. Электр энергиясынын лимити 968,9 мин кВт өлчөмүндө бюджеттик мекеме уюмдар боюнча №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык жеткирилген лимиттерди сактоону көзөмөлдөө мектеп директорлоруна, мекеме уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин.

6. Мектептерди жана административтик имаратты 2020-2021-ж.ж. окуу жылына кышка отун жана көмүр менен камсыз кылуу үчүн мекеме уюмдар боюнча 2009,6 мин сом бекитилсин.

7. Балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн күнүнө бюджеттен 18 сомдон акча каражаты бөлүнсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100% (пайызын) Республикалык бюджеттин кирешесине алынышы белгиленсин.

9. Айыл өкмөтүнүн башчысынын унаа чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун негизинде, ал эми айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жана ФЭБ башчысына айыл өкмөтүнүн чондугун эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006- жылдын 18-сентябрындагы №672 токтому негизинде ай сайын компенсация төлөп берилсин жана чыгымдары 314,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

10. 2020-жылга башкаруу бөлүмүнүн ар турдуу чыгымдар беренесинин эсеби 2332,2 мин сом өлчөмүндө №6 тиркемеге ылайык, имараттар жана курулмалар беренеси 450,0 мин сом өлчөмүндө, машина жана жабдуулар беренесинин чыгымдары 289,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

11. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында айыл өкмөтүнүн аймагындагы сел каналдарын тазалоо үчүн балансындагы Самсунг экскаваторуна чегерилген солярканын көлөмү жана запчасттарды сатып алуу үчүн, турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнө 884,2 мин сомго бекитилсин.

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №307 «Жайыттар жөнүндө» токтомуна ылайык айыл өкмөтүндө 704 ( Айыл чарбасы) бөлүмүнүн кирешелери 427,7 мин сомго жана анын айыл чарба багытындагы жер салыгы 70,2 миң сомго жалпы 497,7 миң сомдун чыгышалары Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык 331,8 мин сом өлчөмүндө № 9 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жайыт комитетине келишимдин негизинде өткөрүлсүн. Ал эми жайыт жерлеринин социалдык фонго болгон төлөмдөрүн ижарачылар төлөөсү белгиленсин.

13. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн ар түрдүү чыгымдар беренесинин чыгымдары 2022,8 мин сом өлчөмүндө, курулмаларды учурда оңдоо беренесинин чыгымдары 1452,5 мин сом өлчөмүндө №10 тиркемеге ылайык, имараттар жана курулмалар беренесинин чыгымдары 19055,9 мин сом өлчөмүндө жана машина жана жабдуулар беренесинин чыгымдары 1150,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

14. Билим берүү бөлүмүнүн ар түрүдүү беренесинин чыгымдары бала бакчаларга мамлекеттик (гос.акт) мамлекттик акт жаздырууга жана чарбалык буюмдарды алууга, дезинфекция жумуштарына 514,5 миң сом өлчөмүндө, имараттар жана курулмалар беренесинин чыгымдарына 712,5 миң сом өлчөмүндө, чарбалык буюмдарды алуу беренесине 1011,8 миң сомго, имараттар жана курулмалар беренеси 1093,6 миң сомго, машина жана жабдуулар беренесинин чыгымдары 360,0 миң сом өлчөмүндө № 12 тиркемеге ылайык бекитилсин.

15. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервтик фондунун өлчөмү 500,0 мин сомго бекитилсин.

16. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджети боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2021-жылдын 1-январына карата 640,9 мин сомго 2020-жылдын 1 – январына калган калдык эсебинен белгиленсин.

17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403-токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штат бирдиги 7874,9 мин сом эмгек акы фонду менен бекитилсин. Ал эми Сузак айылы чондугун жана калкынын саны көптугун, ССР кезинде 2 колхоз болгондуктан бүгүнкү күндө 3 айылга бөлүнгөндүгүн эсепке алуу менен 2 айыл башчы кошулуп жалпы 10 айыл башчы кармалсын. Кызматкерлердин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 01-мартындагы №131 токтомуна ылайык төлөнсүн.

18. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн кызматкерлери 5 штат бирдиги 420,0 миң сом айлык акысы менен бекитилсин.

19. Маданият кызматкерлери 5 штат бирдиги 392,7 мин сом айлык акысы менен №14 тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №15 токтомунун негизинде бекитилсин.

20. Сузак айыл өкмөтүнө 1-кызматкер (кочегар) штат бирдиги бекитилсин жана анын айлык акысы жергиликтүү бюджеттен 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө төлөнүп берилсин.

21. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сариевге жана ФЭБ башчысы М. Карабаевага жүктөлсүн.

Төрага

Хакимов Ж.
